Ысык-Көл: Малы кырылгандардын чыгымын төлөп берүү сунушталды

Ысык-Көл: Малы кырылгандардын чыгымын төлөп берүү сунушталды

Бүгүн, 8-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Арсланбек Малиев Ысык-Көлдө чыгымга учураган малчыларга жардам берүүнү өтүндү.

Анын айтымында, Жети-Өгүз жана Ак-Суу районунун малчылары чоң чыгымга учурады.

“Бул дагы кырсык. Калың кардан улам 400дөн ашык бодо мал, 800дөн ашык кой-эчкилер өлдү. Өкмөттөн малчылардын чыгашаларын жаап берүүсүн өтүнөт элем”, — деди депутат.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев калың кардын кесепетинен жайлоодо канча мал өлгөнүн билдирген. Ак-Суу районунда 378 кой-эчки, 142 бодо мал, 22 жылкы өлгөн. Жети-Өгүз районунда 610 кой, 13 топоз, 3 жылкы жок болду.

30-майдын түнүндө Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Каракол-Эңилчек унаа жолунун 82-76-чакырымында ар жеринен кар көчкүлөр түшкөн. Көчкүнүн жалпы көлөмү 80000 метр кубду түзүп, ошол эле күнү жол тазаланып, бир тараптуу ачылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: малчы

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>