Камбар-Ата-1 ГЭСи: Экспорттон жылына 234 млн доллар түшөт

Камбар-Ата-1 ГЭСи: Экспорттон жылына 234 млн доллар түшөт

“Камбарата-1” ГЭСинин экономикалык көрсөткүчтөрү республикалык масштабга ээ. президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-июнда Камбар-Ата ГЭС-1 курулушунун башталышына старт берип жатып билдирди.

Анын айтымында, “Камбар-Ата-1” иштеп калса, Кыргызстанга да, Борбор Азияга да пайдалуу болот.

“Камбарата-1” ГЭСинин курулушу кошуна өлкөлөрдүн сугат суу маселелерин чечүүгө өбөлгө түзөт жана аймактагы суу-энергетикалык балансты стабилдештирүүгө салым кошот. Ошондой эле, дээрлик жай мезгилинде иштелип чыккан энергияны “CASA-1000” долбоору аркылуу алыскы өлкөлөргө да импорттоого шарт түзөт.

Тактап айтканда, “Камбар-Ата-1” ГЭСинде жылына 5,6 млрд кВт/саат электр энергиясын өндүрүү күтүлүүдө жана өндүрүлгөн электр энергиясынын ар бир кВт/саатын “CASA-1000” долбоору аркылуу 5,15 АКШ центине сатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз.

Бул жагдай Кыргызстандын экономикасына чоң салым алып келет жана өлкөбүзгө түшүүчү жылдык таза пайда 234 млн. АКШ долларын түзөт.

Ошентип, биз үчүн финансылык пайда болсо, экологиянын зыянга учурабагандыгын эске алганда “Камбарата-1” ГЭСи биздин мамлекет үчүн өтө маанилүү стратегиялык долбоор экени анык!”,  — деди президент.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>