Бишкекте айрым көчөлөрдө убактылуу ысык суу өчүрүлөтТурдакун Усубалиевдин жакындары Кочкордун аталышын өзгөртүүгө каршы чыктыБишкекте Гоголь көчөсүндөгү бала бакча капиталдык оңдолууда«Манас» аэропортуна улгайган жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга унаа токтотуучу жайга кирүүгө уруксат бердиМунарбек Сейитбек уулу дүйнөлүк бокс рейтингинде 3-орунду ээледиШаардык сот Кой-Таш окуясы боюнча өкүм чыгарды
Өзбекстанга кирүү үчүн 10-июндан тарта ПЧР-тест талап кылынбайт
08.06.2022 | 16:12
Өзбекстанга кирүү үчүн жарандардан ПЧР-тест же эмдөө сертификатын талап кылуу жокко чыгарылат.
10-июндан тарта аба жолдорунда, темир жол станцияларында, чек ара өткөрмө бекеттеринде коронавируска карата киргизилген бардык чектөөлөр алынат. Бул тууралуу Ковид менен күрөшүү боюнча атайын республикалык комиссия билдирди.
Өзбекстандын министрлер кабинетинин маалымат кызматы бул чет өлкөлүк туристтерге гана эмес, чет өлкөлөрдөн келген бардык жарандарга, анын ичинде өзбекстандыктарга да тиешелүү экенин тактады.
ПЧР-тест, эмдөө сертификатынан тышкары антигенге экспресс-тест тапшыруу талабы да алынат.
8-июндан тарта Казакстан да өлкөгө кирүүдөгү бардык чектөөлөрдү жойду.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар