Депутат акыйкатчыга: Соцтармакка аз чыгып, эл менен көбүрөөк иштеңиз

Депутат акыйкатчыга: Соцтармакка аз чыгып, эл менен көбүрөөк иштеңиз

Бүгүн, 8-июлда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нурланбек Шакиев акыйкатчы Атыр Абдрахматовадан социалдык тармактарды азыраак колдонуп, эл менен көбүрөөк иштөөнү өтүндү.

Анын айтымында, мындай көрүнүш акыйкатчыга жарашпайт.

“Ар бир кадамыңызды социалдык тармактарга жарыялай берсеңиз, катардагы жарандардын бири болуп каласыз. Сизге анча жараша бербейт. Ошондуктан салмактуураак болуп, илим жана билимиңизди жана тажрыйбаңызды адам укугун коргоого көбүрөөк жумшасаңыз. Буга чейинки акыйкатчылар дагы колунан келишинче иштешти. Ошолордун арасынан сиздин эң мыкты иштешиңизди каалайм”, — деди депутат.

Ошондой эле, депутат Москвада камалып кеткен Кыргызстандын жарандары боюнча маселе көтөрдү.

“2016-жылы Орусияда Парманов Мирлан аттуу жаран 9 жылга эркинен ажыратылган экен. Аны Кыргызстанга экстрадициялоо боюнча силерге кайрылуулар көп болгон, бирок эч жыйынтык жок. Анын күнөөсү жок эле камалып кетиптир. Ошону тиешелүү органдар карап чыксаңар.

Ошондой эле, Анарбеков Жалынбек аттуу кыргыз жараны Москва шаарында 16-майда камалып кетиптир. Ал боюнча дагы кайрылуулар түшүп жатат. Ушул жарандарга жардам беришиңерди өтүнөм”, — деди ал.

Жыйында 2019, 2020, 2021-жылдарга карата Кыргызстанда адамдын жана жарандын укуктарынын, эркиндиктеринин сакталышы боюнча акыйкатчынын баяндамасы талкууланды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>