Милиция тарабынан адамдардын укугу көп тебеленет, — депутат  

Милиция тарабынан адамдардын укугу көп тебеленет, — депутат  

Милиция кызматкерлери тарабынан адамдардын укугу тебеленген учурлар арбын. Мындай пикирин бүгүн, 8-июндагы Жогорку Кенештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов билдирди.

Анын айтымында, күнөөсү жок болсо дагы камалып кеткен жарандар көп.

“Эл арасында жөн жерден, күнөөсү жок болсо дагы камалып кеткен жарандар көп болууда. Көбүнчө ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан адамдардын укугун тебелөө, күнөөнү мойнуна алдыруу, ар намысына шек келтирүү учурлары көп болуп жатат.

Кыргызстан боюнча күнөөсү жок болсо дагы камалып жаткан адамдар боюнча түшкөн арыздарды кайра кароо керек. Өлкөдө бул маселер боюнча жоопкерчилик алган министрликтер болобу же барын Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаров чечиши керекпи?”, — деди депутат.

Жыйында 2019, 2020, 2021-жылдарга карата Кыргызстанда адамдын жана жарандын укуктарынын, эркиндиктеринин сакталышы боюнча акыйкатчынын баяндамасы талкууланды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>