Кыргызгидромет ишканасы 21-ноябрда көпчүлүк аймактарда маал-маалы менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашын эскертет.
Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 0…-5, күндүз -2…+3;
Таласта түнкүсүн -1…-6, күндүз -3…+2;
Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 0…5, күндүз 2…7;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…-5, күндүз 2…7;
Нарында түнкүсүн -4…-9, күндүз 2…7;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17, күндүз -3…-8 градус болот.
Бишкекте эртең жаамыр жана кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3°, күндүз 1…3° градус болот.