Эдил Байсалов Британ канышасына ишеним грамотасын тапшырды

Эдил Байсалов Британ канышасына ишеним грамотасын тапшырды

Улуу Британия Ханышасы Елизавета IIге Кыргызстандын аталган өлкөдөгү элчиси Эдил Байсалов ишеним грамотасын тапшырды.

20-октябрда Лондондогу Букингем сарайында өткөн салтанатта элчи канышага президент Сооронбай Жээнбековдун жана жалпы кыргыз элинин атынан каалоо-тилектерди айткан.

Коомдук ишмер Эдил Байсалов Кыргызстандын Улуу Британия менен Түндүк Ирландиядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп 11-июнда дайындалган. Буга чейин Улуу Британияда элчилик кызматты Гүлнара Исакова аркалап келген.

Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосунда дипломатиялык мамилелер 1992-жылдын 12-июнда түзүлгөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>