Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Билдирүүдө 21-ноябрдан 24-ноябрга чейин мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Ошондой эле абанын температурасы 21-ноябрдан 27-ноябрга чейин кескин төмөндөрү айтылат.
Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -6…-11°, күндүз -2…-7°;
Ош, Жалал-Абад, Баткен өрөөндөрүндө түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5°;
Тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -8…-13°, күндүз -4…-9°;
Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -7…-12°, күндүз 0…-5°4;
Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15°, күндүз -1…-6°;
Тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17°, күндүз -5…-10°;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25°, күндүз -10…-15° суук болушу күтүлөт.
Мындай туруксуз аба-ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин унаалардын жүрүүсүн кыйындатат. Электр зымдарга суу кар жабышып үзүлүү коркунучун алып келет.