Жылуу кийингиле! Аба ырайы кескин сууктайт

Жылуу кийингиле! Аба ырайы кескин сууктайт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Билдирүүдө 21-ноябрдан 24-ноябрга чейин мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Ошондой эле абанын температурасы 21-ноябрдан 27-ноябрга чейин кескин төмөндөрү айтылат.

Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -6…-11°, күндүз -2…-7°;

Ош, Жалал-Абад, Баткен өрөөндөрүндө түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5°;

Тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -8…-13°, күндүз -4…-9°;

Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -7…-12°, күндүз 0…-5°4;

Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15°,  күндүз -1…-6°;

Тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17°, күндүз -5…-10°;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25°, күндүз -10…-15° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба-ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин унаалардын жүрүүсүн кыйындатат. Электр зымдарга суу кар жабышып үзүлүү коркунучун алып келет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>