Депутат Туманбаева: Мектептен сырткаркы убакытта окуучулардын тартип бузуусу боюнча мугалимдер жоопкерчилик албашы керек

Депутат Туманбаева: Мектептен сырткаркы убакытта окуучулардын тартип бузуусу боюнча мугалимдер жоопкерчилик албашы керек

Окуучулар мектептен кийинки убакытта жасаган тартипсиз иштери үчүн мугалимдер жоопкерчилик албашы керек. Мындай пикирин бүгүн, 21-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рада Туманбаева айтып чыкты.

«Жаштарды туура багыт алуусунда үйбүлө чоң роль ойнойт. Мектептен сыркары убакытта окуучулар мушташса же кандайдыр бир кырсык болсо эмнегедир мугалимдер жабыр тартышат? Бул учурда баланын ата-энесине же өзүнө кандайдыр бир чаралар же айып салынбайт. Кечээ Аксыда болгон окуяга токтолсок: Кыздар мектептен кийнки убакытта барып мушташышканына баарыбыз күбө болдук. Буга чейин тартип тууралуу түшүндүрүү иштери жүрүптүр. Бирок аягында ошол мектептин директору Бурулай Мураталиева тажрыйбасы 20 жыл, окуу бөлүм башчысы Урмат Абдыкеримов тажрыйбасы 30 жыл. Ошондой эле дагы эки мугалим 30, 40 жылдык тажрыйбалары менен кыздардын мектептен кийинки убакытта кылган кылыктары үчүн иштен алынууда», — деди Рада Туманбаева.

Эл өкүлүнүн билдирүүсүндө, төрт мугалим иштен алынуусу менен мигранттардын катарын дагы көбөйтүү болуп саналат. Бул учурда жоопкерчиликти ата-энелерге берүү керек.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>