Бишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылдыБишкектин окуучулары Кыргызстандан чыккан биринчи космонавт Салижан Шарипов менен жолугуштуБишкекте 6 күндөн бери изделип жаткан өспүрүмдүн сөөгү табылдыДүйнөгө мунай баасынын кескин секириги коркунуч туудурабы жана Борбордук Азия Ормуз кысыгын алмаштыра алабы — АбдыровБишкектин Түндүк айланма жолуна жаңы транспорттук түйүн курула баштады2026-жылдын жазына карата Кыргызстанда кыймылсыз мүлктүн баалары кандай өзгөрдү?
ККМ коюу убактылуу токтотулат. А.Жапаровдун билдирүүсү
13.06.2022 | 13:57
Алкоголдук продукция жана дары-дармек саткан соодагерлер сөзсүз түрдө көзөмөл-кассалык машиналарды милдеттүү түрдө орнотушу керек. Бул тууралуу бүгүн, 13-июнда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров митингчилер менен жолугушууда билдирди.
Анын айтымында, ошондой эле көзөмөл-кассалык машиналарды күйүүчү май ташыгандар жана алтын менен алектенгендер сөзсүз колдонушу шарт.
“Бирок, ун, шекер сыяктуу азык-түлүктөрдү саткан майда дүкөндөр үчүн көзөмөл-кассалык машиналарды колдонуудан бошото алабыз. Силер тараптан 10 адам мага кирип, бул иш боюнча чогуу иштейли. Азырынча биз көзөмөл-кассалык машиналарды киргизүү жана айыптарды токтото турабыз”, – деди Акылбек Жапаров.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика