Өзбекстанда мөмө-жемиштердин тартыштыгы байкалууда

Өзбекстанда мөмө-жемиштердин тартыштыгы байкалууда

Быйыл Өзбекстандын базарларында мөмө-жемиш тартыштыгы жаралып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу гилас, алма, өрүктүн наркы эки эсеге жогору болууда.

Жергиликтүү кардарлар Өзбекстандын өзүндө бышкан мөмө-жемиштин баасынын кымбаттоосуна экспортерлорду күнөөлөп жатышат.

«Гиластын килограммы 40 миң сумдан (3,6 доллар) жогору турат. Базарда өрүк дээрлик жок. Шабдаалы да тартыш. Экспортерлор мөмө-жемишти жапырт сатып алып, чет өлкөлөргө жөнөтүп жатышат, бизге болсо чиригендери калууда. Алардын баасы да асмандап кеткен», – деди ташкенттиктер.

Айрым өзбекстандык адистер быйыл суук аба ырайына байланыштуу мөмө-жемиш өстүрүү азайганын айтууда. Алардын билдиришинче, марттын башындагы жана апрелдин аягындагы үшүк багбанчылыкка чоң сокку урду.

Акыркы эки аптанын ичинде Өзбекстандын базарларында картошка, бадыраң жана помидор 25 пайызга кымбаттады.

Бул арада Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитети акыркы беш айда мөмө-жемиштин экспорту 2% көбөйгөнүн кабарлады. 2022-жылдын алгачкы төрт айында Өзбекстан тышка 200 миллион АКШ долларына мөмө-жемиш саткан.

Өзбекстан жылына орто эсеп менен 1 миллион тонна мөмө-жемиш экспорттойт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>