Онлайн эмес: Бишкектеги мектептер эртең кадимки тартипте иштейтОвсюктун жаңы коркутуусу: бул жолу Бишкектеги соода борборлоруОкуучуларды коркуткан адамдын өздүгү аныкталдыБишкектеги мектептер 17-октябрда онлайн форматка өтөтБишкекте белгисиз адам окуучуларды коркуткан— мектептер курчоого алынып, балдар эвакуацияландыКыргызстанда айдоочуларды окуткан унааларга текшерүү жүрүп жатат
Бүгүн Кыргызстандын футболчулары тажикстандыктар менен беттешет
14.06.2022 | 10:53
Бүгүн, 14-июнда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы Азия кубогу – 2023 тандоо оюндарынын финалдык этабынын алкагында акыркы беттешин өткөрөт.
Негизги атаандашы Тажикстандын командасы Кыргызстандын курама командасы менен беттешет. Беттеш Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Бишкекте, саат 21:00дө башталат.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын курама командасы F тайпасында Сингапур, Мьянма жана Тажикстан менен ойнойт. Тайпадагы ар бир команда буга чейин экиден беттеш өткөргөн. Учурда Тажикстан менен Кыргызстандын экиден жеңиши бар, алар алтыдан упайга ээ. Бирок өткөргөн жана киргизген голдорунун айырмасы боюнча тажикстандыктар алдыда.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт