Трамп: Украинага жаңы лидер шайлоого убакыт келди — АКШ президенти дагы эмнелерди айттыКазакстанда кыргызстандык аялдан 35,1 млн сомдук алтын алынды — чоо-жайы11-октябрь: Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз +28° чейин жылуу болотЧүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү — Садыр ЖапаровСаламаттыкты сактоо министрлигинин мурдагы башчысы менен УКМК төрагасынын мурдагы орун басары пара алууга айыпталуудаКыргызстан боюнча 20 миңден ашык видеокөзөмөл камералары орнотулат — ИИМ
Бүгүн Кыргызстандын футболчулары тажикстандыктар менен беттешет
14.06.2022 | 10:53
Бүгүн, 14-июнда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы Азия кубогу – 2023 тандоо оюндарынын финалдык этабынын алкагында акыркы беттешин өткөрөт.
Негизги атаандашы Тажикстандын командасы Кыргызстандын курама командасы менен беттешет. Беттеш Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Бишкекте, саат 21:00дө башталат.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын курама командасы F тайпасында Сингапур, Мьянма жана Тажикстан менен ойнойт. Тайпадагы ар бир команда буга чейин экиден беттеш өткөргөн. Учурда Тажикстан менен Кыргызстандын экиден жеңиши бар, алар алтыдан упайга ээ. Бирок өткөргөн жана киргизген голдорунун айырмасы боюнча тажикстандыктар алдыда.

Рубрики: Жаңылыктар, Спорт