Футбол: Кыргызстан Тажикстан теңме-тең чыкты
Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстандын курама командасы Азия кубогу – 2023 тандоо этабынын алкагында Тажикстандын командасы менен болгон беттеш теңме-тең эсепте аяктады.
Эсеп 0:0.
Тажикстандын курама командасы тайпада биринчи орунду ээледи. Кыргызстан 7 голу менен экинчи орунда калды. 2023-жылы Азия Кубогуна ойнойт.
Бул F тайпасында жыйынтыктоочу оюн. Буга чейин Кыргызстан Сингапурду 2:1, Мьянманы 2:0 менен уткан. Тажикстан Мьянманы 4:0, Сингапурду 1:0 менен жеңген.
Буга чейин белгилүү болгондой, Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы 2023-жылкы Азия Кубогунун финалына мөөнөтүнөн мурда чыккан.
[image_carousel source=”media: 139638,139639,139640,139641″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]