Футбол: Кыргызстан Тажикстан теңме-тең чыкты

Футбол: Кыргызстан Тажикстан теңме-тең чыкты

Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстандын курама командасы Азия кубогу — 2023 тандоо этабынын алкагында Тажикстандын командасы менен болгон беттеш теңме-тең эсепте аяктады.

Эсеп 0:0.

Тажикстандын курама командасы тайпада биринчи орунду ээледи. Кыргызстан 7 голу менен экинчи орунда калды. 2023-жылы Азия Кубогуна ойнойт.

Бул F тайпасында жыйынтыктоочу оюн. Буга чейин Кыргызстан Сингапурду 2:1, Мьянманы 2:0 менен уткан. Тажикстан Мьянманы 4:0, Сингапурду 1:0 менен жеңген.

Буга чейин белгилүү болгондой, Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы 2023-жылкы Азия Кубогунун финалына мөөнөтүнөн мурда чыккан.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>