Кыргыз-тажик чек арасында түндө абал тынч өттү

Кыргыз-тажик чек арасында түндө абал тынч өттү

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги абал туруктуу деп мүнөздөлүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, түн тынч өттү, эч кандай кырсык жана окуя катталган жок.

Кечээ, 14-июнда саат 19.30дан 20.35ке чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын башка тилкелериндеги чыр-чатактын алдын алуу максатында Баткен облусунун Төрт-Көчө тилкесинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү.

Тараптардын чек ара заставаларынын жетекчилерине кырдаалдын курчушуна жол бербөө жана жоопкерчиликтүү аймактарда кырдаалды жөнгө салуу тапшырмасы берилди.

Андан соң Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн кезектеги жолугушуусу болду. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынды:

  • тараптардын чек ара өкүлдөрүнүн (отряддардын жетекчилеринин) жана жооптуу аймактардагы заставалардын жетекчилеринин жолугушуусунда кабыл алынган чечимдердин аткарылышын контролдоону жүзөгө ашыруу;
  • Булак-Башы участкасында түзүлгөн чек ара заставаларынын ишин көзөмөлдөө жагы тараптардын чек ара өкүлдөрүнүн орун басарларына тапшырылсын.
  • Бардык жагдайларды эске алуу менен тараптар мамлекеттик чек ара сызыгына жакын жерде айыл чарба иштерин жүргүзүүгө тыюу салууну чечишти.

Кечээ таңкы саат 7:00дөр чамасында белгисиз себептерден улам Тажикстан тараптан ок атылган. Буга жооп катары кыргыз тарап да асманга бир ок чыгарган. Сүйлөшүүлөрдөн кийин ок атышуу аяктады. Бирок, саат 7.50дө кайра жанданды. Саат 7.50дө тажик тарап гранатомет жана минометторду колдонуу менен кайрадан атыша баштап, саат 8:10до токтоду.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>