Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктадыКыргызстанда айыл чарбасын каттоо башталды: маалыматтарды чогултуу 10-апрелге чейин уланат21-мартка карата аба ырайыИшеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскерттиНооруз майрамы быйыл президенттин катышуусунда Нарын шаарында белгиленет
18 жаштагы бала калаада кишилерден телефон тартып алууда
15.06.2022 | 19:52
13-июнь күнү Бишкектин көчөлөрүнүн биринде шаар тургунун баласынын телефонун коркутуп алып кетишти. Бул туурасында Бишкек шаарынын Свердлов райондук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, бул факты каттоого алынып, издөө иштери башталган. Иликтөө жана издөө иш-чараларынын комплекстүү иш-чараларынын жүрүшүндө 18 жаштагы Д.У. кармалган.
Ал Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды.
Милиция кол салуучунун кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен жана кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды 0552 103-361, 0701 26-96-62 телефондоруна же Свердлов РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө кабарлап коюуну өтүнөт. Бишкек шаары: 0 312 43-28-15 жана 102 .
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар