Милиция: Эки жылдын ичинде бир тоннадан ашык баңгизат табылды

Милиция: Эки жылдын ичинде бир тоннадан ашык баңгизат табылды

Кыргыз-орус милициялары биргеликте 1 тоннадан ашык баңгизат табышкан. Бул туурасында 15-июнь күнү Ички иштер министр Улан Ниязбеков менен Орусиянын Ички иштер министри Владимир Колокольцев жолугушканда кабарланды.

Эки өлкөнүн ИИМ башчылары баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү чөйрөсүндө каржылык жана материалдык жардам көрсөтүү программасынын биринчи фазасын ишке ашыруунун жыйынтыктарын талкуулашты.

“Программаны ишке ашыруу мезгилинде (2020-жылдын апрелинен баштап) көрсөткүчтөр бир нече эсеге өскөн. Эгерде 2018-2019-жылдары 503 кг болгон баңгизаттын оор түрү табылып алынса, 2020-2021-жылдары 1 тоннадан ашык баңгизаты табылып алынган. Ошондой эле, 3 жашыруун баңги лабораториясы, 2 кара куурай тобуна кирген баңгизаттарын өндүрүү боюнча жана 1 синтетикалык баңгизаттарды өндүрүү боюнча лабораториянын ишмердүүлүгү жоюлган”- деген маалымат айтылды.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>