Кыргызстан менен Швейцария эл аралык автомобиль ташуулар боюнча келишимге кол коюштуКыздын сөйкөсүн алдоо жолу менен чечип алган аял буга чейин да ушул сыяктуу кылмыш жасаган болушу мүмкүнАла-Букада райондук соттун жаңы имараты ачылдыОрусиядан Кыргызстандын мектептери үчүн 671 миң окуу китеби келдиАраван районунда эки аткаминер пара алып жаткан жеринен кармалдыЖасалма документтер аркылуу унааны каттоого аракет кылышкан. Чүйдө 4 эркек киши кармалды
Арзыбек Кожошев ээлеген кызматынан бошотулду
15.06.2022 | 20:49
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Арзыбек Кожошев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары кызматынан бошотулду.
Ал буга чейин Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) акыркы жыйынында Арзыбек Кожошевди Кыргызстандан Евразиялык экономикалык комиссиянын энергетика жана инфраструктура боюнча министри кызматына дайындоо чечими кабыл алынганы кабарланган.
Убактылуу Министрлер кабинетинин орун басарлык кызматында иштээри айтылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат