Бишкекте турак үйдөн өрт чыгып, бир адам каза таптыУКМК «Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомуна» таандык жер мыйзамсыз менчиктештирилгенин аныктадыИИМ: Кытайлык айдоочуларга жол эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдүТИМ: Эми Грузияга кирүү үчүн камсыздандыруу полиси талап кылынатМинистрлер кабинети 2030-жылга чейин Улуттук өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын бекиттиКыргызстандын Салык кызматы 2025-жылдын 11 айында 1,1 млн салык төлөөчүгө кызмат көрсөттү
Казиного уруксат. Профилдик комитет мыйзамды эки окууда жактырды
20.06.2022 | 20:33
Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети кумар оюндары боюнча мыйзам долбоорун жактырды. Мындай чечим бүгүн жыйында кабыл алынды.
Документти талкуулоо жабык каралды. Министрлер кабинетинин сунушу боюнча мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда дароо кабыл алынды. Эми парламентке алып барышат. Документти депутаттар да колдосо, президент жакын арада кол коюшу мүмкүн.
«Мен казино ачуу боюнча мыйзам долбооруна каршы добуш бердим, анткени Кыргызстанда онлайн казино ачылат жана кумар оюндарын теле, радио, көрнөк-жарнактар жана мүмкүн болгон бардык жерлерде жарнамалоого уруксат берилет. Сөзсүз түрдө жарандар казинодо ойношот”, – деп жазды депутат Дастан Бекешев жолугушуудан кийин.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар