Орусияда атактуу тиктокер кыргызстандыкка жардам берди (видео)

Орусияда атактуу тиктокер кыргызстандыкка жардам берди (видео)

Орусияда атактуу тиктокер кыргызстандык үч баланын энесине жардам берди. ALINA YAN аттуу тиктокер жылдызы Орусиянын кайсы бир шаарындагы кафелердин биринде идиш-аяк ташып жүргөн келинге акча берип, жумуш таап берээрин убада кылды.

Видеодо кыргызстандык кыз 3 баласы бар экенин, аны Кыргызстанга таштап келгенин, күйөөсү менен ажырашып кеткенин, 18 миң рублга жалданып иштеп жүргөнүн айтат. Ушул тапта батирдин ичиндеги бир кишилик орунду ижара алып, жашап жатканын билдирет.

Ал эми Алина Ян дароо эле акча салуучу карточкасын сурап, башка жумуш таап берүүсүн убада кылып, жумуш табылганча эс алып жата туруусун сунуштады.

@alina__yan

Я в шоке просто ?

♬ оригинальный звук — ALINA YAN

 

Белгилей кетсек, ALINA YANдын тикток баракчасында 1 млн 300 миңден ашык катталуучусу бар. Ал көбүнчө жардам берип, ар кандай оюндарды ойнотуп, көңүл ачуучу видеолорду жарыялап турат.

 

Тэги: Алина Ян

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>