Жогорку Кеңештин агрардык комитетинин төрагалыгына Кубанычбек Самаковдун талапкерлиги каралатАкыйкатчы институту №27 абакта соттолгондор үчүн орундар жетишсиз экенин билдирди. ЖАМК мунун четке кактыӨзбекстанда кургакчылык менен күрөшүү үчүн Айыл чарба илимдер академиясы түзүлдүБишкекте венгер түркологуна мемориалдык такта орнотулатАлмаз Бакетаев каржы министри кызматынан кетип, Улуттук банктын төрагасы болуп шайландыӨкмөт ата мекендик зергерлер үчүн баалуу металлдарды сатуу тартибин бекитти
Мээрим Жуманазарова Азия чемпиону болду
24.06.2022 | 23:45
Мээрим Жуманазарова Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпиондугунда алтын медал тагынды.
Жуманазарова кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмакта күрөштү. Беттеш айлампа тартибинде өткөрүп, бардык атаандаштарын тең ири эсеп менен утту.
Алгач индиялык Аржу Аржуну 11:1, экинчи айлампада өзбекстандык Азода Эсбергенованы 10:0, андан соң казакстандык Альбина Кайргелдинованы 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип, алтын медал тагынды.
Буга чейин 76 килограмм салмакта Айпери Медет кызы төрт атаандашын утуп, 23 жашка чейинкилер арасында мөөнөтүнөн мурда Азия чемпиону аталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт