Ушул жылдын январында Кыргызстанга 220 млндон ашык доллар которулган2025-жылы Кыргызстандын корголуучу аймактарында 139 мыйзам бузуу аныкталдыСадыр Жапаров Казакстандын президентин улуттук референдумдун өткөрүлүшү менен куттуктадыИюль айында Бишкек – Бээжин багыты боюнча жаңы авиакаттам ачылатӨзбекстандан келген 82 миңден ашык көчөт артка кайтарылды17-мартка карата аба ырайы
Путин Тажикстанга иш сапары менен барат
27.06.2022 | 09:22
Орусиянын президенти Владимир Путин келерки аптада Тажикстанга барат. Бул тууралуу “Москва. Кремль. Путин” программасында айтылды.
Орус лидери тажик президенти Эмомали Рахмон менен чоң сүйлөшүүлөрдү пландаганы айтылат. Сүйлөшүү жана жумушчу түшкү тамак күтүлөт.
Кошумчалай кетсек, Орусиянын башчысы ушул аптада Кремлде Индонезиянын президенти Жоко Видодо менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Каспий саммитине катышуу үчүн Ашхабадга барат.
25-июнда Путин Беларустун президенти Александр Лукашенко менен сүйлөштү.
Сүйлөшүү учурунда Путин Минскке “Искандер-М” ракеталык комплекстерин тапшырууга убада берди. Мындан тышкары, Россия Федерациясынын Президенти Орусия Беларус армиясынын Су-25 учагын кайра жабдууну жана учактын экипажын окутууну баштоону сунуштады.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар