Токмокто кудук казып жатканда үч адам каза болуп, экөө жабыркады

Токмокто кудук казып жатканда үч адам каза болуп, экөө жабыркады

Токмок шаарында кудук казып жаткан учурда үч адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 26-июнь күнү Жантаев көчөсүнүдө жайгашкан курулуш материалдарын саткан короонун ичинде, жаңы салынып жаткан унаа жуучу бастырманын жанында 5 эркек киши алмак-салмак кудук казып жаткан учурда, кудуктун ичинде аба жетпей, 1 адам кулап калган, аны алып чыгам деп экинчиси кудука кирип, аба жетпей ал дагы кулаган. Калгандары дагы ушул эле иш-аракеттериди жасап, кудуктун ичинде аба жетпей калып кетишкен. Кырсыктын кесепетинен 3 эркек киши каза болгон (1980-жылы туулган Х.Т., 1982-жылы туулган Х.М., 1987-жылы туулган  Х.К.) жана 2 эркек киши (1989-жылы туулган Х.Н., 1999-жылы туулган. Х.С.) жабыркаган.

Жерине Токмок шаардык №21 ӨКБдан 5 куткаруучу, ИИМ жана тез жардам кызматкерлери тартылган. Куткаруучулар жабыркаган жана каза болгон адамдарды кудуктан чыгарышкан. Жабыркаган жарандарды тез жардам кызматкерлери Токмок шаардык ооруканасына жеткиришкен.

Ал эми каза болгон жарандардын сөөктөрү ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Кудуктун тереңдиги 18 метр, туурасы 1 метр. Курулуш материалдарын саткан короонун ээси К.Э. айтуусу боюнча, кудукту казып жаткан учурда тереңдиги 10 метрге жеткенде дизельдик майдын жыты пайда болгон. Себеби жанында күйүүчү майды сактоочу база жайгашкан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Токмок

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>