Кыргызстанда жогорку класстардын окуучулары үчүн эркин республикалык тестирлөө өткөрүлөтУКМК эттин баасын кымбаттаткандар үчүн кылмыш жоопкерчилиги караларын эскерттиАкжол Махмудов Исламдык солидардуулук оюндарынын грек-рим күрөш боюнча жарым финалына чыктыТашиев «Мурас Юнайтед» клубунун машыктыруучусун эмне үчүн кетиргенин түшүндүрдүКазакстанда үй өрттөнүп, 12 адам каза болду. Алардын тогузу жаш балдар«KAV & KEV» компаниясынын директору Алексей Клевцовдун кармалганына УКМК комментарий берди
Бажы кызматы наркы 103 млн сомго жакын аткезчилик товарды кармашты
30.06.2022 | 13:55
Бажы кызматы Кытайдан декларацияланбаган товарлардын мыйзамсыз ташылып келгенин аныктады. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.
Алсак, эл керектөөчү товарлардын өздүк наркы 102 миллион 957,2 миң сомду, ал эми бажы төлөмдөрүнүн суммасы 21 миллион 369,4 миң сомду түздү.
«Түштүк-Батыш бажысынан Түндүк-Чыгыш бажысына автотранспорт менен ташылып жаткан эки контейнерди бажылык текшерүүнүн жүрүшүндө импорттолгон товарлар, ассортименттеги кийим-кечелер тууралуу так эмес декларациялоо фактысы аныкталды», – деп билдирди Бажы кызматы.
Экономикалык контрабанда фактысы боюнча материалдар электрондук журналга катталып, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жөнөтүлгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар