Кызды өлтүрүүгө аракет кылган. Бишкекте 22 жаштагы шектүү кармалды17 магнит жутуп алган. Ошто 2 жашар балага операция жасалдыБишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгына жаңы жетекчи дайындалдыСи Цзиньпиндин Кыргызстанга сапары жана Өзбекстандагы жаңы борбор: Кытай «Бир алкак — бир жол» демилгесин күчөтүүнү көздөйтКыргызстан менен Түркия медицина тармагында кызматташууну бекемдейтТеңир-Тоо The New York Times гезитинин эң мыкты туристтик багыттарынын катарына кирди
Казакстанда беш жашарлык эки кыз терезеден кулап кетти
30.06.2022 | 22:06
Атырауда беш жашар эки кыз терезеден кулап кеткенин Мой город сайты билдирди.
«27-июнь күнү саат 22:10дордо Нурсая кичи районунда жайгашкан үйдүн 3-кабатынын терезесинен беш жаштагы эки эгиз кыз кулап кеткен», – деп билдирди Атырау облусунун Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын басма сөз кызматы.
Эгиздер терезенин жыгачына жөлөнүп турушкан. Алардын салмагына туруштук бере албагандыктан кулап кеткен. Кыздардын апасы кошуна бөлмөдө экен.
Азыр эгиздер облустук балдар ооруканасынын реанимация бөлүмүндө.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар