Оң рулдуу унааларга уруксат берүү кайра демилгеленүүдө

Оң рулдуу унааларга уруксат берүү кайра демилгеленүүдө

Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова оң рулдуу унааларды Кыргызстандын аймагына киргизүүгө уруксат берген мыйзам долбоорун кайра карап чыгууга парламентте депутаттарды үндөдү.

Оң рулдуу автоунаалар боюнча мыйзам долбоорун жазганбыз. Даяр болуп комитеттерге келгенде Министрлер кабинетинен терс кортунду келип калды. Бүгүн акыркы сессия экенин билип, телефонго чалып жатышат. Бул маселеге чекит коюшубуз керек. Акыркы жыйын болуп калды, эми сиздердин алдыңызда эки ай убакыт бар. Бул мыйзам долбоорун атайын күн тартибине киргизип, өзүнчө карап, кабыл алууга үндөйт элем”-деди депутат Султанбекова.

Буга чейин бул мыйзам долбоору комитеттерде каралып колдоо таппай калган. Оң рулдуу унааларды коммерциялык багытта колдонууга тыюу салуу боюнча мыйзам 2013-жылдын 19-июлунда кабыл алынган. Оң рулдуу унааларга тыюу салынуусунун бирден-бир себеби катары жол кырсыктарынын көбөйүшү менен байланыштырышууда. Ал арада бул көз карашка такыр кошулбагандар да бар. Алар жол кырсыгы айдоочулардын жол эрежесин билбестигинен дешет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>