Оштогу жаңжалга кабылган “Манас-Ата” кафеси убактылуу жабылды (ВИДЕО)

Оштогу жаңжалга кабылган “Манас-Ата” кафеси убактылуу жабылды (ВИДЕО)

Ош шаарындагы жаңжалга кабылган “Манас-Ата” кафеси убактылуу жабылганын экинчи борбор калаанын мэриясынын Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

Андагы маалыматка караганда,  Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов “Манас-Ата” кафеси боюнча тиешелүү кызматтардын жана мекеме-ишканалардын жетекчилери менен чукул жыйын өткөрдү.  Бул коомдук тамактануу жайы тиешелүү документтери жок иштеп жаткан. Ага ылайык жыйындан соң кафе убактылуу жабылды.

1-июлдан баштап шаардагы бардык кафе-ресторандарда, май куюучу жайларда тиешелүү текшерүүлөрдү жүргүзүү зарыл”, — деп баса белгилеп, тапшырмаларды берди А.Мамбетов.

Буга чейин «НЕ САХАР» теледолбоорунун журналисттери «Манас-Ата» кафесиндеги санэпид эрежелери сакталбаганын ачыктоо үчүн барып, кафенин ичин тартып, жарым-жартылай видеого түшүрүп бүтүп  калганда кызматкерлери кайрадан кафеге киргизбей ортодон жаңжал чыккан. Андан соң кафенин кожоюну менен чуу салган админстратору элден кечирим сураган болчу. Ага журналисттерди өзбек тилин билбейсиң деп күнөөлөгөнү коомчулукта нааразылыкты жараткан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>