Виктор Козодой: «Кыргыз цивилизациясы — дүйнөнүн бешинчи дарыялык цивилизациясы»«Ала-Арча» резиденциясында ачылган мектеп менен бала бакчага кабыл алуу башталдыЭнергетика министри Кара-Кечедеги көмүр казууларды текшерди: дефицит жокКыргызстанда жаңы футбол клубу түзүлдү. Аны Өмүрбек Бабанов каржылайтБишкектин бир районунда 20-ноябрда суу убактылуу өчүрүлөтКыргызстанда айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу процесси жөнөкөйлөштү
«Камбар-Ата – 1» ГЭСин курууга 1,5 млрд сом бөлүндү
01.07.2022 | 00:00
“Камбар-Ата – 1” ГЭСин курууга республикалык бюджеттен 1,5 миллиард сом бөлүндү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев социалдык тармактардагы баракчасына жазды.
Депутат белгилегендей, 1,5 миллиард сом “Электр станциялары” акционердик коомуна насыя түрүндө берилген.
Эске салсак, Жалал-Абад облусундагы “Камбар-Ата – 1” ГЭСинин курулушу 8-июнда башталган. Божомолдор боюнча, аталган ГЭС жылына 5,6 миллиард киловатт-саат электр энергиясын иштеп чыгат. Бул жайкысын Кыргызстандын 234 миллион долларга электр энергиясын экспорттоосуна мүмкүндүк берет.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика