Жогорку Кеңештин депутаттары эс алууга кетти

Жогорку Кеңештин депутаттары эс алууга кетти

Жогорку Кеңештин VII чакырышынын биринчи жалпысынан сессия мезгилинде 43 пленардык жыйын, 2 кезексиз жыйналыш өткөрүлүп, 41 мыйзам жана 276 токтом долбоору кабыл алынды. Бул туурасында парламент спикери Талант Мамытовдун кайрылуусунда айтылат.

Ошондой эле “республикалык бюджетти бекитүү, Жер мунапысы жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Жол фонду, Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, Исфана шаарын Раззаков шаары деп кайра атоо жөнүндө мыйзамдар өзгөчө мааниге ээ болду. Андан тышкары, Башкы прокурордун, Улуттук банктын жана Эсептөө палатасынын төрагаларынын ар жылдык отчеттору каралып, ошондой эле Акыйкатчынын (Омбудсмендин), Кыйноолорду жана катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын-алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун баяндамаларын уктук.

Сессия убагында орчундуу маселелер боюнча 4 убактылуу депутаттык комиссия түзүлүп, өз иштерин жүргүзүп жатышат.

Ошондой эле, ушул мезгилдин ичинде Жогорку Кеңеш тарабынан 7628 жарандын кайрылуусу каралып, 6 миңден ашуун шайлоочу менен жолугушуу өткөрүлдү”— деп айтылат кайрылууда.

Каникулдун бир айын шайлоочулар менен жолугушса, бир айын эс алышат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>