Жогорку Кеңеште 120 жаш адис депутаттардын коомдук жардамчысы болотОш шаарында «Жаштык Арена» спорттук-оюн-зоок комплекси курулат«Келечектин кадры»: ИИМ студенттерди социалдык тасмалар фестивалына катышууга чакырдыАйыл чарба министрлиги бизнес өкүлдөрү менен АӨКтү өнүктүрүү боюнча 1000 күндүк планды талкууладыОоганстандагы туруктуулук БАнын коопсуздугуна түздөн-түз байланыштуу — ЖККУАдылбек Касымалиев Анталья шаарында БУУнун COP31 конференциясына катышат
«Камбар-Ата – 1» ГЭСин курууга 1,5 млрд сом бөлүндү
01.07.2022 | 00:00
“Камбар-Ата – 1” ГЭСин курууга республикалык бюджеттен 1,5 миллиард сом бөлүндү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев социалдык тармактардагы баракчасына жазды.
Депутат белгилегендей, 1,5 миллиард сом “Электр станциялары” акционердик коомуна насыя түрүндө берилген.
Эске салсак, Жалал-Абад облусундагы “Камбар-Ата – 1” ГЭСинин курулушу 8-июнда башталган. Божомолдор боюнча, аталган ГЭС жылына 5,6 миллиард киловатт-саат электр энергиясын иштеп чыгат. Бул жайкысын Кыргызстандын 234 миллион долларга электр энергиясын экспорттоосуна мүмкүндүк берет.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика