Космонавт Салижан Шарипов Кыргыз Республикасынын паспортун алдыСадыр Жапаров: Жайлоолорду техника менен тебелебегилеАйыл чарба министрлиги малдын экспортун убактылуу чектөөнү сунуштадыСадыр Жапаров Каракол шаарын өнүктүрүү пландары менен тааныштыКараколдо ӨКМдин жаңы имараты ачылып, ага Президент катыштыИйне менен келген идеал. Пластикалык операциянын артында эмне бар?
Июнда кайсы азык-түлүктөрдүн баасы кымбаттаган? Тизме
03.07.2022 | 15:08
Июнь айында тамак-аш азыктарынын негизги түрлөрүнөн ун, нан, уй эти, козу эти, картошка, кант жана чай кымбаттаганын Улуттук статистикалык комитет билдирди.
Баарынан да картошка кымбаттады (12,37 сомго же 30%га). Республика боюнча июнь айында картошканын орточо баасы килограммына 53,53 сомду түздү. Ал эми козу эти 10,7 сомго, же 2,1%га (519,19 сомго) кымбаттады. Кант 7,61 сомго же 8,6%га (95,87 сомго) кымбаттады. Уй эти 3,30 сомго же 0,6%га кымбаттады. Жогорку сорттогу ун 1,03 сомго же 1,7%га кымбаттаган.
Биринчи сорттогу ун (0,27 сомго же 0,5%), нан (0,04 сомго же 0,06%), кара (0,28 сомго же 0,30%) жана жашыл (0,01 сомго же 0,01%) чай кымбаттады.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика