Кыргызстан менен Тажикстандын Улуттук банктары төлөм системаларын талкуулаштыBITEVOLUTION: Бишкекте каржы пирамидасын уюштурууга шектелген жаран кармалдыКыргыз жаштарынын шайлоо сабаттуулугу боюнча долбоору Германияда кызыгуу жараттыРустам Сакиев «Кыргызстан улуттук электр тармагынын» башкы директору болуп дайындалдыКыргызстандык эксперттер синтетикалык баңгизаттарды аныктоонун жаңы ыкмаларын үйрөнүштүКыргызстандык спортчу джиу-джитсу боюнча дүйнө чемпионатында алтын алды
Июнда кайсы азык-түлүктөрдүн баасы кымбаттаган? Тизме
03.07.2022 | 15:08
Июнь айында тамак-аш азыктарынын негизги түрлөрүнөн ун, нан, уй эти, козу эти, картошка, кант жана чай кымбаттаганын Улуттук статистикалык комитет билдирди.
Баарынан да картошка кымбаттады (12,37 сомго же 30%га). Республика боюнча июнь айында картошканын орточо баасы килограммына 53,53 сомду түздү. Ал эми козу эти 10,7 сомго, же 2,1%га (519,19 сомго) кымбаттады. Кант 7,61 сомго же 8,6%га (95,87 сомго) кымбаттады. Уй эти 3,30 сомго же 0,6%га кымбаттады. Жогорку сорттогу ун 1,03 сомго же 1,7%га кымбаттаган.
Биринчи сорттогу ун (0,27 сомго же 0,5%), нан (0,04 сомго же 0,06%), кара (0,28 сомго же 0,30%) жана жашыл (0,01 сомго же 0,01%) чай кымбаттады.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика