Бишкектин 7-апрель көчөсүндө жылуулук түтүгү жарылды. Мэрия оңдоо иши башталганын билдирдиКазакстан Starlink интернет-трафигин Кыргызстанга жана коңшу өлкөлөргө жеткирүүнү пландаштыруудаКамила Талиева президент менен Камчыбек Ташиевди ушакчылар уруштурганын айтып, аларды жараштырууну сунуштадыМарлен Маматалиев Жогорку Кеңештин жаңы төрагасы болотКыргызстан Германияны санкциялар маселесинде тең салмактуу мамиле жасоого чакырдыКыргызстан менен Өзбекстан Кытайга багытталган темир жол долбоорун илгерилетүүдө
Кара-Көлдө майып адам ур-токмоктон каза болду
04.07.2022 | 10:30
Кара-Көл шаарында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адам ур-токмоктун кесепетинен каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жабырлануучу оор абалда ооруканага түшкөн. Ал 29-июнда эсине келбей каза болгон. Териштирүүнүн жүрүшүндө ал белгисиз адам тарабынан сабалганы аныкталган.
Милиция тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден-соолукка оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Милиция кызматкерлери кылмышка шектүү адамды издеп жатышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом