Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Кой-Таштагы аскер бөлүктө жоокер өзүн-өзү атып алды
04.07.2022 | 11:06
Кой-Таштагы №73809 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан жоокер өзүн-өзү атып алды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, окуя 4-июлда саат 02:00дөр чамасында болгон. Ж.Э., аттуу 22 жаштагы жоокер постто сакчылык кызматын өтөп жатып, курал колдонуудагы байкабастыктан улам өзүнө ок чыгарып алган.
Жоокер алган жаракатынан улам көз жумган. Окуя болгон жерде Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын жетекчилиги, Аскердик прокуратурасынын кызматкерлери, Аламүдүн райондук милициясынын эксперттери жана №02625, №73809 аскер бөлүгүнүн командачылыгынын курамынан түзүлгөн комиссия иштеп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом