Дастан Бекешев: ЖИ Конституциянын орусча котормосунан 44 ката таптыӨлкөдө күн ачык болот: 19-октябрга карата аба ырайыКыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя беришти
Кара-Көлдө майып адам ур-токмоктон каза болду
04.07.2022 | 10:30
Кара-Көл шаарында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адам ур-токмоктун кесепетинен каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жабырлануучу оор абалда ооруканага түшкөн. Ал 29-июнда эсине келбей каза болгон. Териштирүүнүн жүрүшүндө ал белгисиз адам тарабынан сабалганы аныкталган.
Милиция тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден-соолукка оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Милиция кызматкерлери кылмышка шектүү адамды издеп жатышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом