Ушул жылдын жай мезгилинде «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан кайсы өлкөлөргө жана шаарларга учууга болорун «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын басма сөз кызматы жарыялады.
Багыттар:
Казакстан:
Алматы — Тамчы — Алматы багыты боюнча каттамдарды «SCAT» авиакомпаниясы дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарат. 15-июлдан тарта 3 каттамга көбөйтүүнү пландаштырууда (шейшемби, шаршемби жана бейшемби күндөрү).
Россия:
Москва — Тамчы — Москва багыты боюнча каттамдарды «Аэрофлот» авиакомпаниясы бейшемби жана ишемби күндөрү аткарат. 10 июлдан тарта 2 каттамга көбөйтүлөт (шейшемби жана жекшемби күндөрү).
Москва — Тамчы — Москва багыты боюнча учуулар “Урал аба жолдору” авиакомпаниясы аркылуу күн сайын аткарылат.
Новосибирск — Тамчы — Новосибирск багыты боюнча учуулар «Сибирь» авиакомпаниясы аркылуу жекшемби күндөрү аткарылат.
Ички каттамдар:
Ош — Тамчы — Ош багыты боюнча учуулар «Тез Жет» авиакомпаниясы аркылуу шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума, жекшемби күндөрү аткарылат.