Ысык-Көлдөн кайсы өлкөлөргө жана шаарларга учууга болот? (тизме)

Ысык-Көлдөн кайсы өлкөлөргө жана шаарларга учууга болот? (тизме)

Ушул жылдын жай мезгилинде «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан кайсы өлкөлөргө жана шаарларга учууга болорун «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын басма сөз кызматы жарыялады.

Багыттар:

Казакстан:

Алматы — Тамчы —  Алматы багыты боюнча каттамдарды  «SCAT» авиакомпаниясы  дүйшөмбү жана жума күндөрү  аткарат.  15-июлдан тарта 3 каттамга көбөйтүүнү  пландаштырууда (шейшемби, шаршемби жана бейшемби күндөрү).

Россия:

Москва — Тамчы — Москва багыты боюнча каттамдарды «Аэрофлот» авиакомпаниясы бейшемби жана ишемби күндөрү аткарат. 10 июлдан тарта 2 каттамга көбөйтүлөт (шейшемби жана жекшемби күндөрү).

Москва — Тамчы — Москва багыты боюнча учуулар “Урал аба жолдору” авиакомпаниясы аркылуу күн сайын аткарылат.

Новосибирск — Тамчы — Новосибирск багыты боюнча учуулар «Сибирь»  авиакомпаниясы аркылуу жекшемби күндөрү аткарылат.

Ички каттамдар:

Ош — Тамчы — Ош  багыты боюнча учуулар  «Тез Жет» авиакомпаниясы аркылуу шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума, жекшемби күндөрү аткарылат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>