Ошто унаа уурдап, тетиктерин сатууну көздөп жаткан жаран кармалды

Ошто унаа уурдап, тетиктерин сатууну көздөп жаткан жаран кармалды

Ош шаарында уурдалган автоунааны тетиктерге бөлүп, сатууну көздөп жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызмты билдирди.

Маалыматка караганда, Ош шаардык ички иштер башкармалыгына 2022-жылдын 27-июнь күнү 1981-жылы туулган шаар тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал Ош шаарынын Исхак Раззаков көчөсүндө орун алган үйүнүн короосуна токтотуп койгон, өзүнө таандык болгон «Дэо-Тико» үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз жаран укукка жат түрдө ээлеп алуу максатында уурдап, белгисиз тарапка айдап кеткендигин билдирген.

Аталган окуя Ош ШИИБге Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренесинин  (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) белгилери менен кылмыш иши козголуп, шектүү жаранды издөө иштери жүргүзүлүп келген.

Ош ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, 7-июль күнү бул кылмыша тиешеси бар деген шек менен Ош облусунун Кара-Суу районунун 1994-жылы туулган Х.Р аттуу жаран кармалып, үйүнө тинтүү жүргүзгөн учурда жабырлануучуга таандык болгон «Дэо-Тико» үлгүсүндөгү автоунаа тетиктери чачылган абалда табылган.

Шектүүгө алгачкы сурак ишин жүргүзгөн учурда,  уурдаган автоунааны тетиктерге бөлүп сатарын айткан. Шектүү Ош ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына камака алынып,  иликтөө амалдары жүргүзүлүп жатат. Тергөөнүн жүрүш менен кошумча маалымат беребиз.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Ош шаары

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>