Конституциялык сот: Президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүүгө негиз жокӨкмөт башчы ишкерлерди негизсиз текшерүүнү токтотууну талап кылдыОш мэриясы: мэр Жеңишбек Токторбаев кызматтан кетери айтылган маалыматтар жалганКыргызстандын Айыл чарба министрлиги ЕАЭБ менен бирдиктүү санариптик мейкиндикти түзүүнү аяктоодоЕАЭБде фитосанитардык сертификаттарды берүү эрежелери катаалдаштырылдыКыргызстандын жана Тажикстандын телекоммуникациялык компаниялары максаттуу киберчабуулдарга кабылды
Кыргызстанда айыл чарба продукциясын өндүрүү 2,2% өстү
11.07.2022 | 16:27
2022-жылдын январь-май айларында Евразия экономикалык биримдигинде айыл чарба продукциясын өндүрүү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,7%га өскөн.
Орусияда – 2,3%, Кыргызстанда – 2,2% жана Казакстанда – 1,3% өсүш байкалган.
Анын ичинде мал чарбасынын негизги продуктыларын өндүрүү көбөйдү: союлуучу мал жана канаттуулар (тирүү салмакта) – 3,8%га, сүт – 0,9%га, жумуртка – 2,7%га.
«Мал жана канаттууларды союуга өндүрүштүн өсүшү боюнча лидерлер Орусия (+ 4,9%) жана Кыргызстан (+ 2,7%) болду. Сут өндүрүүнүн өсүшү Белоруссияда 0,2 пайыздан Кыргызстанда 1,9 пайызга чейин болду. Жумуртка өндүрүүнүн максималдуу өсүшү Казакстанда катталды – 9,7% », – деп билдирди ЕЭК.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика