Көзү өткөнүнө эки жыл болду: Чубак ажы Жалиловдун учкул сөздөрү

Көзү өткөнүнө эки жыл болду: Чубак ажы Жалиловдун учкул сөздөрү

Мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов 2020-жылдын 11-июлунда эки тараптуу пневмония менен оор абалда ооруканага түшүп, реанимацияда көз жумган. Аалымдын дүйнөдөн өткөнүнө туура эки жыл болду. 45 жашында дүйнө салган Чубак ажы Жалилов оозунда сөзү бар, дин тууралуу жалпак тил менен, ошол эле учурда илимге таянып түшүндүрүп берген аалым эле.

Чубак ажы Жалилов 1975-жылы 21-январда Жалал-Абаддагы Базар-Коргон районунун Мундуз айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. 1996-жылы Кыргызстандагы Ислам университетин, 2000-2006-жылдары Сауд Аравиядагы Эл аралык «Умм ал-Кур» университетинде билим алган.

Чубак ажы 2005-2007-жылдары Бүткүл дүйнөлүк ислам лигасынын Орто Азия боюнча эксперти катары эмгектенген. Ал эми 2010-2012-жылдары Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгын жетектеген. Андан Аалымдар кеңешинин мүчөсү катары эл кыдырып, насаатын айтып жүрдү. Ошондой эле окуу жайларда мугалимдикти аркалаган.

Чубак ажы Жалиловдун учкул ойлору

Бейиш тууралуу

«Ажыке, Бейиш жөнүндө айтып бериңизчи”,-деген өтүнүчтөр да айтылып калчу Чубак ажынын радиодогу эфиринде. “Мен сага Бейишке барыштын жолун айтып берейин, барганда кандай экенин көрүп аласың”,-деп жооп берчү. 

Дин тууралуу

«Мен инсанмын, адашып калышым мүмкүн. Мусулманмын, бирок Ислам дини эмесмин. Андыктан эл менден эмес Пайгамбарыбыздан үлгү алсын».

Китеп окуу тууралуу

«Мен күнүнө 500 бетке чейин китеп окуйм. Калп айтпайм. Каалоочулар ушул сапаттарымдан үлгү алсын. Мен да кадимкидей футбол ойнойм, ат мингени барам».

Байлыгы тууралуу

«Көк-Жарда үйүм бар. Аны да ыраматылык Мухтар Өмүракунов деген мырза оңдоп берген. Муфтий болуп турганда үй-бүлөм менен ооруп, бейтапканага жатып калдык. Ошондо Мухтар мырза ондоп берейин деп жүрдү. Айдап жүргөн унаамды белекке беришкен. Эски автоунаамды сатып, акча кошуп азыркы унааны алганмын. Мындан башка материалдык байлыгыбыз жок».

Ишкерлик тууралуу

«Менден ишкер чыкчудай эмес. Балким мугалим үй-бүлөдө тарбияланып калгандыктан же өзүмдүн жөндөмүм жоктугунан болушу мүмкүн. Мен журналист болсом кызыктуу болсо керек. Балдарымдан мен жазган китептерди улантып жазган бирөө болсо жакшы болмок. Бирок аларды мажбурлабайм деп ойлойм»

Муфтийлик кызматы тууралуу

«Кайра муфтий болсом, Муфтият менен мамлекеттин ортосундагы кызматташтыкты жөнгө салмакмын. Мамлекетке кандай жардам бере алам деп жеңилин жерден алмакмын. Адам кызматта турганда көп нерсени баамдай албай калат. Кызматтан кеткенде кемчиликтерди анализдейт. Студенттик партадан эле муфтийликке келип калдым. Жаштык кылсам да ажыларды Меккеге Бишкектен түз учуруу сыяктуу көп иштер жасалып, реформалар ишке ашты. Ажылыкта болуп жаткан коррупцияга каршы 3 бөгөт коюлган эле. «Чоң акырдан жем жегендердин азыгы» түгөнгөндө нааразычылыктар болду».

Саясат тууралуу 

«Өз каалоосун дин деп айтып алган учур өтө кооптуу. Ошондуктан саясаттан баш тарттым. Өзүмдүн көз караштарымды  билдирип тургандыктан, сырттан караган адамга саясатка аралашып кеткендей сезилем».

Парламент тууралуу

«Депутаттар кайым айтышып өч алып, кызыкчылык үчүн ыңгайына жараша жооп беришет.  Биз (молдолор) саясатка  аттангандарга үмүт менен ак кызмат кылса экен деп бата бергенбиз. «Куру аякка бата жүрбөйт» деп батаны тыйынга байлоо туура эмес. Эсептешип кетсек мамиле токтоп калмак. Менин парламентте жүргөн досторум бар. Алар менен коопсуздук маселелери, мыйзамдар жөнүндө сүйлөшүп, мококтуктары тууралуу ачык пикиримди айтам».

Эки нике тууралуу

«Биздин коомдо мусулманчылыкты дароо эле эки аял алуудан баштап алгандар бар. Же намаз окубайт, же орозо тутпайт, ичкени арак. Мусулманчылыкта бул нерсе кандайча таризделет, аны аларга түшүндүрүп берүү шарт».

Майда суроолор тууралуу

“Эл майда нерсени түшүнбөсө, молдолор элдин түшүнүгүнөн алыс нерсени айтса, дин кантип жайылат? Жөнөкөй нерседен баштап, айтып жеткириш керек”.

Зомбулук тууралуу

Аялы кечиккени үчүн сабаган окуяны мен интернеттен көрдүм. Мындай учурда такыр эле жашаганга болбой баратса ажырашуу туура болот. Адамды уруп, кордоо туура эмес. Канчалык ал күнөкөөр болбосун, аны кыйноого алган болбойт. Негизи эле аялды гана эмес, жалпы адамзатты кыйноонун өзү күнөө. Ошол жерде телефонго тарткандар да эл-журтту чакырышы керек болчу. Кошунандын аялына зомбулук кылып жатканын көрүп, унчукпай коюу да аны менен кошо кылмыш кылганга барабар болот. Коомчулук мындай окуяларда «тирүү» бололу. Жаныбыздагыларга көз салып туралы. Аялды сабоо шариятта да, салтта да жок нерсе».

Даават тууралуу

«Даават аркылуу Кудайды тааныдык. Дааватчылар да диндин жайылышына салымын кошуп келе жатат. Ал эми кемчилик кимде гана болбойт. Дааватчылардын кийим маселесинде, же чет өлкөгө айлап кетип калуусунда маселе болушу мүмкүн. Бирок муну оңдосо, жөнгө салса болот. Даават кайра көпчүлүк адамдарды радикалдашуудан, туура эмес секталарга кирип кетүүсүнөн сактап турат. Бирок дааватчылар да ийкемдүү болуп, кийим-кечесине, менталитетке маани бере турган болсо, алардын эч кандай зыяны жок».

Радикализм тууралуу

Журналист Кундуз Азарбекованын жазганы: «Бир ирээт китептеримдин арасында радикалдуу мазмундагысы, башка тескери нуктагылардыкы да бар деп өзү айтты. Аларга каршы туруш үчүн сөзсүз алардын да адабиятын окуп, талдап, изилдеш керек. Ошондо гана ислам терроризми дегендерге каршы тура алабыз»,- деди эле.

Шайлоо тууралуу

«Шайлоодо биз ууру-кески экенине карабай туруп депутаттарды шайласак, анда биз алар менен кошо жоопкерчилик тартып калабыз. Бирок биз аларга ишенип, таза экен деп шайлап, аягында алданып калсак, анда биз колубуздан келген аракетти жасаган болобуз. Жоопкерчилик элди алдагандардын өзүндө болот. Негизи эле азыркы шайлоо системасы мага жакпайт. Анда партиянын лидерин карап эле кете беришет. Партиянын лидерине эмес, анын ичиндеги талапкерлерди тандап добуш берсек жакшы болмок. Ошондо татыктуулар келмек».

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>