Ош шаарынын Кызыл-Байрак айылында 500 орундуу мектеп курулатМоюнга сайган: Москва районунда адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалдыӨзбекстанда аял 30 жыл бою СССРдин паспорту менен жашаганЫсык-Көлдө 501 млн сомдук «Кырчын» турбазасы мамлекетке өттү21-мартта Бишкекте Нооруз майрамына арналган майрамдык иш-чаралар өтөт (программа)Mastercard жана MBANK Борбор Азияда биринчи жолу Лионель Мессинин сүрөтү түшүрүлгөн картаны сунуштайт
Бишкектин четинен 2 гектар жер өрттөндү (видео)
12.07.2022 | 19:11
Бүгүн, 12-июлда Бишкектин четиндеги 2 гектар жер өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, өсүп турган кургак чөп өрттөнүп жаткан жерге Бишкек шаардык өрт өчүрүүчүлөрдүн 1 бөлүмү чыгып кеткен.
Такталган маалымат боюнча, Токтоналиев жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде ачык аянтта куураган чөптөн чыккан өрт саат 14:10дө чектөөгө алынган.
“Ала-Тоо” ресторанынын күн батыш тарабында болжол менен 2 гектар чөп күйгөн. Бул тилкеде саат 15.38де тилсиз жоо толук токтотулган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар