Отко күйбөгөн эмне? Аида Салянова адамдарды өнүктүрө баштады

Отко күйбөгөн эмне? Аида Салянова адамдарды өнүктүрө баштады

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, КРнын экс-Башкы прокурору Аида Салянова адамды өстүрүү боюнча тренинг өткөнү жатканын өзүнүн Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.

“Достор! 23-июлда адам кантип өзүн өзү өстүрсө болот деген тренинг өткөрөм.
Бүгүн бүдөмүк, тез өзгөрүп турган айланада таяна турган, ишене турган күчтү кайдан тапсак болот?
Сууга чөкпөгөн, отко күйбөгөн эмне?
Мен адамды заматта өзгөртө коё турган техникалар жөнүндө айтпайм. Алар «тез жардам» сыяктуу оруудан бир аз убакытка эле арылтат.
Үйрөтөм десем дагы туура болбой калат. Мен жөн гана өзүмдүн тажрыйбам менен бөлүшөм. Анын бир эле адамга пайдасы тийген күнү дагы жаман эмес. Бул кылымдын өзгөчөлүгү — бөлүшүп туруу!”— деп жазды.

Салянова Аида 2008-2010 жж. — КР юстиция министрлиги, стат-катчы болгон. Кыргызстанда Апрель революциясынан кийин 14-июль 2010-жыл — 20-декабрь 2010-жылдары — КР юстиция министри[1]. Андан кийин 20-декабрь 2010-жыл — 31-март 2011-жыл — КР ПрезидентининЖогорку Кеңештеги ыйгарымдуу өкүлү.[2] 14-апрель 2011-жыл — 22-январь 2015-жыл — КР Генералдык прокурору.[3] 4-октябрь 2015-жыл — КР Жогорку Кеңешинин депутаты. 2018-ж. «Аида Салянова менен инновациялык долбоорлор» компаниясын башкарат.[4] [5]

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>