Баткен: Чек арадан мыйзамсыз тоют ташыгандар колго түштү (видео)

Баткен: Чек арадан мыйзамсыз тоют ташыгандар колго түштү (видео)

Лейлек районунун Достук айылынын аймагынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн деген шек менен мамлекеттик номуру S1112M болгон “Хундай-Портер” үлгүсүндөгү унаа кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, “Хундай-Портер” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу  “Volvo” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаадан жүгөрү тоютун жүктөп жаткан жеринен кармалган. Кыргыз жараны Дж.С.Р.  өзүн эки унаанын тең ээси болом деп тааныштырган.

Алдын ала текшерүүнүн жүрүшүндө бул унаадагы номур “жалган”  экени жана ал номур ВАЗ-2106 үлгүсүндөгү унаага катталганы аныкталган. Ал эми “Хундай-Портер” үлгүсүндөгү унаа Тажикстандын аймагында катталып, Лейлек районунун Достук айылынын аймагына Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасыны  менен Тажикстан Республикасынын чек арасынын аялуу тилкелери аркылуу өтүп келген.

Азыркы учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>