Токмок: Киши 9-кабаттан колун кесип, боюн таштоого аракет кылды
Токмок шаарында 40 жаштагы жаран колунун кан тамырын кесип, жаңы курулуп жаткан имараттын 9-кабатынан секирүүгө аракет кылып жатканда куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, окуя саат 20:32 чамасында Чүй облусуна караштуу Токмок шаарынын Жантаев көчөсүндө болгон.
Жерине Өрткө каршы куткаруу кызматынын 4 куткаруучусу тартылып, өз өмүрүн кыюуга аракет кылган жаранды 9-кабаттан түшүрүшүп, биринчи медициналык жардам көрсөткөн соң, ИИМ жана тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Алдын ала маалыматка караганда 1982-жылы туулган С.А. аттуу жаран ( эркек) мас абалында болгон.
[image_carousel source=”media: 143561,143559″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]