Европадагы ысык Пиреней жарым аралына чейин жетти

Европадагы ысык Пиреней жарым аралына чейин жетти

Бул сезондо Испанияда ысык экинчи жолу келди. Калктуу конуштардын көбү метеорологдордон аномалдуу жогорку температура тууралуу эскертүү алышкан.

Божомолдор боюнча, термометрлер Испаниянын эки аймагында — Андалусия жана Экстремадурада рекорддук көрсөткүчкө чейин көтөрүлөт.

«Күндүн кайсыл маалында көчөгө чыккан жакшы экенин билбейм, анткени эртең менен кечке чейин күн чыдагыс ысык болуп жатат», — деп даттанат ары-бери өткөндөрдүн бири.

Жакынкы эки күндө Испаниянын дээрлик бардык жеринде +35тен жогору, ал эми кээ бир аймактарда 40 градустан да жогору болушу күтүлүүдө.

Температуранын кескин көтөрүлүшүн Жердин климатына карата Коперник спутниктик мониторинг системасы байкап турат. Видеодо көрүнүп тургандай, кочкул кызыл менен белгиленген жерлер токойдо өрт чыгуу коркунучу бар жерлер.

Португалияда ушул аптада анын кесепетинен 29 адам жарадар болгон. Орен муниципалитетинде өрт эки миң гектар өсүмдүктөрдү жок кылган. Өлкөдө температуранын нормадан жогору болушуна жана өрт коркунучуна байланыштуу жума күнгө чейин өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Бир катар тыюу салуулар белгиленген. Мисалы, айыл чарба техникасын токойлордо жана ага жакын аймактарда колдонуу, фейерверктерди атууга. Өзгөчө кырдаалда өрт коопсуздугунун чараларын сактабагандар катуу жазаланат.

Ал эми Римде өткөн айда өрт көп катталды. Милиция аларды кылмыштуу деп шектеп, иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Акыркы өрттүн кесепетинен Италиянын баш калаасын түтүн каптап, күлдөн жааган “жамгыр” шаар тургундарына жаады.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>