Талас облусу Япония менен кызматташтыкты бекемдейтМИКтин үйлөрүнө ачылган кошумча класстар маселени канчалык чечет? Жашоочулар эмне дейт?Улуттук банк ислам принциптери менен иштеген банктарды жөнгө салуучу ченемдерге өзгөртүүлөрдү киргиздиДүйнөлүк банк Кыргызстандагы билим берүү долбооруна 6,36 млн доллар каржыладыМихаил Фрунзенин мемориалдык үй-музейинин 100 жылдыгына арналган көргөзмө өтөтКоомдук тамактануучу жайларда тейлөө үчүн кошумча акы алууга тыюу салынды
Ошто «Биринчи турак жай» кооперативинин жетекчиси кармалды
17.07.2022 | 13:45
Ош шаарында «Биринчи турак жай» деген аталыштагы коммерциялык эмес кооперативдин жетекчиси кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан маалымдашты.
«Биринчи турак жай» коммерциялык эмес кооперативинин жетекчисине карата алдамчылык жана ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу беренеси боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.
Учурда келтирилген зыяндын өлчөмү 18 миллион 188 миң 260 сомго бааланууда. Аталган факты боюнча 16-июль күнү кылмышка шектелип «Биринчи турак жай» коммерциялык эмес кооперативинин төрагасы И.В.Б. кармалып, Ош шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Аталган кооперативден жабыр тарткандарды Ош шаары Э. Алиев көчөсү 128 дарегине же (03222) 7-14-39, (0772) 33-33-13, 102 номерлерине кайрылса болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом