Кыргызгидромет борборунун маалыматына ылайык, эртең, 18-июлда өлкөнүн бардык аймагында күн ачык болот. Шамалдын ылдамдыгы Ысык-Көл менен Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши ыктымал.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 17…22, күндүз 32…37;
Таласта түнкүсүн 12…17, күндүз 30…35;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 20…25, күндүз 34…39;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 26…31;
Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 28…33 градус болот.
Эртең Бишкекте жаан жаабайт, абанын температурасы түнкүсүн 20…22, күндүз 35…37 градус болот.