Гутерриш: деңиз деңгээлинин көтөрүлүшү адамдарды келечектен ажыратуудаКыргызстандын мыйзамдарына «буллинг» жана «кибербуллинг» түшүнүктөрүн киргизүү сунушталуудаТүп районунда лагерь жана 6 гектар жер мамлекетке кайтарылдыФермерлерди кредиттөө онлайн форматка өткөрүлөтАКШнын элчиси Лесли Вигери төрт жылдык ишин жыйынтыктап, Кыргызстан менен коштоштуКыргызстандын банктарында жаңы депозиттердин көлөмү 937 млрд сомго жетти
Бишкекте аялына 16 жолу бычак сайган киши камакка алынды
17.07.2022 | 18:26
Бишкек шаарында өзүнүн аялын 16 жолу бачык менен сайганга шектүү кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 16-июлда Улуттук хирургия борборунан 1984-жылы туулган М. Г. аттуу айым бычактан жараат алып, ооруканага түштү деген маалымат келип түшкөн.
“Аталган маалымат боюнча кайгуул кызматкерлери окуя болгон жерге барып такташкан, натыйжада изи сууй электе кылмышка шектүү катары 1973-жылы туулган Х. К. аттуу өзүнүн жолдошу кармалып, Свердлов райондук милициясынын Тергөө кызматына андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн өткөрүп беришкен”, – деп айтылат маалыматтар.
Шектүү жаран Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тиешелүү тергөө иштери уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом